3-5-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашуулардагы автожолдорго көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай шашылыш билдирүүнү Кыргызгидромет агенттиги таратты.
«Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымында көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот», — деп айтылган маалыматта.
Агенттик тоолуу аймакта жолго чыккан айдоочуларга коопсуздук эрежелерин сактап, автоунаалардын арасында 500 метр аралык сакталышы керек экенин эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.