Экс-депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.
Алымбаев буга чейин биринчи орун басар болуп иштеп жаткан. 2021-жылдын октябрынан декабрына чейин ЖК депутаты болгон. Андан мурун «Республика Ата-Журт» фракциясынын катчылыгында беш жыл эмгектенген.
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бутун Кыргызстан Алайбек Алымбаев — Sputnik Кыргызстан, 1920,
Алайбек Алымбаев
© Фото / пресс-служба партии «Бутун Кыргызстан»
Аппарат башчылыгынан кеткен Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин парламенттер аралык ассамблеясы жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал эми Алымбаев кеткен орун басарлык кызматка Элмира Эшенкулова отурду. Эшенкулова былтыртан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.