Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген. Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.
«Ала-Тообузга, Ата мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган «Кыргыз жери» ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат», — деди президент.

Мамлекет башчы ушул саптарды жараткан кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата министрлер кабинетинин 2023-жылы республикалык деңгээлде өтүүчү мааракелик иш-чаралардын тизмесинде экенин ырастады.
Ошол эле учурда президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.