Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткенде тажик тараптын кол салуусунан талкаланган үйлөрдүн курулушу эмне себептен кечеңдеп жатканын сурады.Эл өкүлү бийлик турак жайлар декабрь ичи курулуп бүтүп, эл кирип жашап калат деген убада бергенин эске салды.

«Азыр көпчүлүгүнүн чатыры дагы жабылган жок. Курулушчулар менен сүйлөшсөм 50 пайыз дагы акчасын албаптыр. Акча бөлүнгөн беле, ким куруп жатат негизи?» — деди Акаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-декабрга чейин 150 үй толук курулуп ээлерине тапшырыларын, калганы катары менен бүткөрүлө берерин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.