Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында жарык дүйнөгө келген. Мугалимдикти аркалагысы келген өспүрүм 7-классты аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырган.

1948-жылы шаарга таланттуу балдарды издеген атайын комиссия келип, жаш талантка Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна тапшыруу сунушун берет. Ошентип чыгармачылыкка кадам ташталган. Өзбекстандан окуп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кирип, ал жакта 50 жылга жакын эмгектенген.

Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарып, театрда Семетей, Бакайдан баштап Отелло, Ричард, Омар Хаямга чейинки ондогон образды жараткан.

Улуу актер, залкар талант 2001-жылы борбор калаада 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Айдарбек датканын ролундагы Советбек Жумадылов менен кинорежиссер Геннадий Базаров. "Каныбек" кинофильмин тартуу учурундагы репетиция - Sputnik Кыргызстан

2/20© Sputnik / Александр Федоров

Айдарбек датканын ролундагы Советбек Жумадылов менен кинорежиссер Геннадий Базаров. «Каныбек» кинофильмин тартуу учурундагы репетиция

"Көздүн кареги" кинокартинасындагы бир эпизод. Сүрөттө Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе шаары, 1976-жыл. - Sputnik Кыргызстан

3/20© Sputnik / Александр Федоров

«Көздүн кареги» кинокартинасындагы бир эпизод. Сүрөттө Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе шаары, 1976-жыл.

Мелис Убукеевдин "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасы. Таланттуу актер Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова. - Sputnik Кыргызстан

4/20© Sputnik / Александр Федоров

Мелис Убукеевдин «Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү» тасмасы. Таланттуу актер Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов иш үстүндө. "Алтын күз" фильми. - Sputnik Кыргызстан

5/20© Фото / Александр Федоров

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов иш үстүндө. «Алтын күз» фильми.

Океевдин "Отко таазим" тасмасында роль аткарган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев. 1971-жыл - Sputnik Кыргызстан

6/20© Sputnik / Александр Федоров

Океевдин «Отко таазим» тасмасында роль аткарган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев. 1971-жыл

"Бакайдын жайытын" тартуу учуру. Боз үйдүн жанында эс алган Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов жана монтажер Ракия Шершенова. 1966-жыл, Суусамыр жайлоосу. - Sputnik Кыргызстан

7/20© Фото / Александр Федоров

«Бакайдын жайытын» тартуу учуру. Боз үйдүн жанында эс алган Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов жана монтажер Ракия Шершенова. 1966-жыл, Суусамыр жайлоосу.

"Тайгак кечүүгө" тартылган Советбек Жумадылов. Актерго киночулар арасында суроо-талап күч болгон. - Sputnik Кыргызстан

8/20© Фото / Александр Федоров

«Тайгак кечүүгө» тартылган Советбек Жумадылов. Актерго киночулар арасында суроо-талап күч болгон.

Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасында Жумадылов (Байзак) жан-жөкөрлөрү менен - Sputnik Кыргызстан

9/20© Sputnik / Александр Федоров

Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кинокартинасында Жумадылов (Байзак) жан-жөкөрлөрү менен

"Көчө" кинофильминде Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Ош облусу, 1972-жыл. - Sputnik Кыргызстан

10/20© Фото / Александр Федоров

«Көчө» кинофильминде Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Ош облусу, 1972-жыл.

Дооронбек Садырбаевдин "Акбарынын көз жашында" Бостон (Советбек Жумадылов) жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келген эпизод - Sputnik Кыргызстан

11/20© Sputnik / Александр Федоров

Дооронбек Садырбаевдин «Акбарынын көз жашында» Бостон (Советбек Жумадылов) жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келген эпизод

Кыргыз ССРинин эл артисти сахнанын чебери болгон. Актер "Эзоп" спектаклинде роль аткарууда. - Sputnik Кыргызстан

12/20© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүү

Кыргыз ССРинин эл артисти сахнанын чебери болгон. Актер «Эзоп» спектаклинде роль аткарууда.

Актер кесиптештери менен. 1974-жыл. Жумадылов "Биринчи мугалим" тасмасында Каим бийдин ролун ойногон. - Sputnik Кыргызстан

13/20© Sputnik / Александр Федоров

Актер кесиптештери менен. 1974-жыл. Жумадылов «Биринчи мугалим» тасмасында Каим бийдин ролун ойногон.

Улуу актер кесиптештери Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова менен - Sputnik Кыргызстан

14/20© Фото / Александр Федоров

Улуу актер кесиптештери Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова менен

Режиссер Яков Бронштейндин "Бактылуу адамдын жоруктары" кинофильминен бир көрүнүш - Sputnik Кыргызстан

15/20© Фото / Александр Федоров

Режиссер Яков Бронштейндин «Бактылуу адамдын жоруктары» кинофильминен бир көрүнүш

Түрмөдө жаткандар менен чогуу тартылган Жумадылов Базаровдун "Айың" кинокартинасында - Sputnik Кыргызстан

16/20© Фото / Александр Федоров

Түрмөдө жаткандар менен чогуу тартылган Жумадылов Базаровдун «Айың» кинокартинасында

Базаровдун "Приют для совершеннолетних" фильминде актер ак халатчандын ролунда - Sputnik Кыргызстан

17/20© Sputnik / Александр Федоров

Базаровдун «Приют для совершеннолетних» фильминде актер ак халатчандын ролунда

Жумадылов театрда да, тасмада да түрдүү ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды жараткан - Sputnik Кыргызстан

18/20© Sputnik / Александр Федоров

Жумадылов театрда да, тасмада да түрдүү ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды жараткан

Кыргыз ССРинин артисти жубайы жана баласы менен съемка учурунда - Sputnik Кыргызстан

19/20© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз ССРинин артисти жубайы жана баласы менен съемка учурунда

Режиссер Геннадий Базаровдун "Айың" кинокартинасында актер Калман аттуу жигиттин ролунда - Sputnik Кыргызстан

20/20© Фото / Александр Федоров

Режиссер Геннадий Базаровдун «Айың» кинокартинасында актер Калман аттуу жигиттин ролунда

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.