Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси, А.Ж.Т. аттуу 1970-жылкы жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран «такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени» белгиленген.
Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.
Маалыматтарга караганда, «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу «Гавайи» ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.
булак: Азаттык