Кыргыз дүйнө таанымында түштүн киши тагдырындагы маанисине өзгөчө көңүл бурулган. Жакшы түш көрсө түлөө берип, кан чыгарып элден бата алган. Арам ою жок ак пейил жанга, кеп билген кеменгер, нарк билген көрөгөч кишиге жоруткан.
Жаман түш көрсө аны сууга айтып, бойго, ойго жуутпай агын суу менен кетсин деп ырым кылган. Каран түнгө айтып, каран түнгө сиңип кетсин деген.
Өтө жакшы түштү эч кимге айтпай төп келсин деп тилек кылган. Боюна уюткан.
Түштүн мойну кылдай, башы казандай болот, кандай жорусаң ошондой иштеп кетет деп аны жорууга, жорутууга этият мамиле жасалган.
Бир киши башка киши жөнүндө жакшы түш көрсө, аян түш көрсө түш көргөн кишинин түшүн берки киши уккан соң жолдугун кылып, акчалай же башка бир белек тартуу кылган.
Кээ бир ач көз, амалдуу кишилер бирөөнүн кереметтүү белек түшүн сатып алып түш көргөн кишиге келе турган ооматты өзүнө буруп алган учурлар да кездешет.
Түшкө байланыштуу ырымдар
Жакшы түштү, аян түштү, белек түштү караңгыда, күүгүмдө айтпайт.
Жакшы түштү ач назарлуу кишиге айтпайт.
Жакшы белги берген түштү үч күн, жети күн жан адамга айтпай ырым кылат.
Жаман түш көрсө жан кишиге айтпай агын сууга айтат.
Жаман түшүн бирөөгө айтса уккан киши «түшүң түлкүнүн богу» деп мизин кайтарат.
Иши көп оңоло бербеген киши бирөөнүн жакшы түшүн сатып алып ырым кылат.
Жакшы түштү укканда «түшүң түш болсун» деп айтуу керек.
Кандай гана түш болбосун дайыма оңго жорулат.
Түштүн мааниси
Кыргыздар «түш» деп атаганында да себеп бар. Сөз маанисине карай талдай турган болсок буйрук этиштен туруп жогоруда турган затка карата айтылып жатат. Демек, биздин элде түш жогору жактан түшкөн нерсе катары кабылданат.
Түштүн түрлөрү
Түштүн маанисине карай аян түш, белек түш деп бөлүшкөн. Аян түш өзүнчө дагы кабар айткан, эскертүүчү, белги берген түштөргө бөлүнөт.
Ал эми белек түш – бир ооматты, чоң жакшылыкты алып келген түш.
Түштүн киши аң-сезимине таасир этишине карай жакшы түш, жаман түш деп бөлүүгө болот.
Жаман түш көргөн киши кыйналып чыгат, жакшы түш көргөндө сонун сезимдер менен ойгонот.
Жакшы жана жаман түш көргөндөгү жасала турган жөрөлгөлөр
жакшы түш көргөндө ошол түш үчүн соолук беришкен (жарды-жалчыга жардам, жети токоч баабедин, өтө жакшы түшкө мал союп элдин батасын алган);
жаман түш көрүп ырымын жасабай койсо ошол ишке ашып кеткен. Жаман түш көрүп ырымын аткарса болтурбай койгонго мүмкүнчүлүк бар деп ишенип келген кыргыз;
түшүндө кашка тиши түшүп калса, каруусу сынса, чийки эт көрсө жарды-жалчыга, жетим-жесирге кайыр-садага берген. Жолдун айрылышына үч, жети, он эки тыйын таштаган, түшүн агын сууга айткан.
