Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын улам-улам зилзала болгон Кахраманмараш аймагындагы издөө иштери учурунда уранды алдынан 19 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кадрлардан куткаруучу адистерден тышкары үйрөтүлгөн иттердин уранды арасында кызмат өтөп жүргөнүн көрүүгө болот.
«Сөөктөрдү таңкы саат 4:50дө алып чыгышты. Издөө иштери 24 саат бою үзгүлтүксүз уланууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Алар Түркияга келген башка куткаруучулардын катарында зилзаланын кесепетин жоюу, адамдардын өмүрүн сактап калуу аракеттерин көрүүдө. Кыргызстандык куткаруучулар 67 адамдан турат, курамында фельдшерлер, психолог, кинологдор бар.