Түркиянын Хатай провинциясында жер кайрадан эки ирет силкинип, үйлөр урап, 300 адам жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага таянып билдирди.AFAD да кечээ эки ирет жер титиреп, биринчисинин магнитудасы 6,4, экинчисиники 5,8 болгонун маалымдады.Бул ирет жарадар болгондордун ичинен 18 адамдын абалы оор экени, үч адамдын көз жумганы айтылды.Агенттик жер силкингенде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кахраманмараш провинциясында жүргөнүн билдирди.Социалдык тармактарга элдин жер титиреген учурда сыртка чуркап чыккан видеолору тарады.