Түндө “Орто-Сай” базарынан өрт чыгып, 180 чарчы метр жерде жашылча жана эт саткан жайлар күйдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Өрт өчүрүү кызматына маалымат саат 02:38де түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн 4 бөлүгү тартылып, тилсиз жоону саат 5:10до толугу менен өчүрүп бүттү.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.