Тажикстанда сел 13 кишинин өлүмүнө себепкер болгону өлкөнүн президентинин сайтында айтылат.
11 адам Вахдат, эки киши Рудаки райондорунан кайтыш болгон. Мындан сырткары, беш көпүрөнү, айылдар ортосундагы жолдорду, селден коргоочу курулуштарды суу алып кеткен.
Учурда Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кырсыктын кесепети менен күрөшүп жатканы айтылды.
