Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп, үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-ноябрда, таңкы саат 06:00 чамасында турак жай күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада барып, саат 06:50дө жалын чектөөгө алынып, 08:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен иске ууланып 50 жаштагы М.Н.В. аттуу үй ээси каза болгонун билдиришкен.

Тамдын 64 чарчы метр чатыры жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.