Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчылыгына үч талапкер көрсөтүлүп жатканын аталган уюмдан билдиришти.Жалпы жонунан тогуз киши президент болуу ниетин билдирген, бирок талапкер катары үчөө тандалып алынды:
Темир Сариев — «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун башкы директорунун инвестициялык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, экс-премьер-министр;
Жодар Сайдилканов — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директордун кеңешчиси;
Авазбек Керимбаев — «Шумкар логистик компани» ишканасынын башкы директору.