Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдирди.

«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

«Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт», — деп кошумчалаган КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Бул күнү борбор калаада ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин да саммити өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.