Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коңшу өлкөнүн лидери Мирзиеёв менен жубайын «Манас» аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

«Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү», — деп айтылат маалыматта.
Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.