«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкекте таштанды салган контейнер өрттөнүп жатканын көргөн жарандардын кайда кайрылса болорун айтты.
Директор муниципального предприятия Тазалык Рамиз Алиев — Sputnik Кыргызстан,
Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев
0 (504) 88-80-89 — «Тазалыктын» күнү-түнү иштөөчү номери. Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборундагы брифингде компания мүлкүн сактап калууга кызыкдар экенин белгиледи.
«Бизге чалсаңыздар болот. Күзөттөгү кызматкерлер каалаган жерге, каалаган убакта барышат. Өрттөнүп жаткан таштандыны өчүрүүгө кызыкдарбыз. Анткени зыян биздин бюджетке келип жатат», — деди Алиев.
Ал жарандарды жардамга чакырып, эгер өрт чоң болбосо, өз алдынча өчүрүүгө чакырды.
«Кокус жалын күчөп кетсе, өрт өчүрүү кызматына да кайрылыш керек», — деп кошумчалады «Тазалык» ишканасынын жетекчиси.
Анын айтымында, кышында көп учурда үй-жайсыз жүргөндөрдүн, селсаяктардын аракетинен өрт чыгууда.
