Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңеште Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар Айдай Кочкорованын ишинин тергелип-иликтениши, жагдайы тууралуу Башкы прокуратура, Ички ички иштер министрлиги баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү маалымат берет.

Жыйынды парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети болуп чогуу өткөрөт.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жана облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып үч киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан.

Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.