Сасык тумоо, аллергия же мурун былжырына байланыштуу башка оорулар жок учурда эмнеге мурун бүтүшү мүмкүн? Бул тууралуу оториноларинголог Дарья Шахова «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде түшүндүрдү.
Мурундун бүтүшүнүн себептери:
спирт ичимдиктерин нормадан ашыра ичүү;
мурунга сепчү спрейлерди көп жана узак мөөнөткө колдонуу;
абанын кургактыгы;
мурундун кемирчектеринин ийрейип калышы;
ачуу жана өтө ысык тамак ичүү;
мурунга бир нерсенин кирип кетиши;
гормоналдык өзгөрүүлөр;
гипертония, талма, депрессия сыяктуу патологияларды дарылоочу айрым препараттар;
кош бойлуулук;
калкан сымал бездин патологиясы;
астманын күчөшү;
стресс.
Мындан тышкары, дарыгер кечинде же түнкүсүн мурундун бүтүшү күчөп кетсе абал оор экенин айтып, адиске тезирээк кайрылууну сунуштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.