Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу улуттук «Кабар» агенттигине комментарий берди.

Мамлекет башчы саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирди.

«Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам», — деди президент.

Жапаров камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, 48 саатка камалган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» пикирин билдирип келатышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын карап жатат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жаран жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү.

Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бийлик башындагылар кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу «чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын» жүйо келтирүүдө. Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу Кыргызстан зыян тартпагандай чечилип жатканын айтып келүүдө. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.