Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар чөйрөдөгү отурумун ачты. Алгач, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан президенти болушу менен куттутктады.
Жапаров бул ири иш-чара дүйнөнү чайпалткан глобалдуу финансылык экономикалык кырдаалда жана пандемиядан кийинки кризистен кийин өтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБдин экономикасына да чоң күч келип жатканы байкалып турат.
«Мындай татаал шарттарда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн мамлекет башчыларына байланыштуу болгон кадамдарды жасоо өтө маанилүү. Ал Евразиялык жана башка аймактын жана глобалдуу рыноктордун ортосунда көпүрөлөрдү түзүү үчүн туруктуу негиз болуп саналат», — деген Жапаров.
Саммиттин күн тартибине ЕАЭБ үчүн маанилүү суроолор кирген. Кыргызстан башчысы аларды кең-кесири талкуулоого ишеним артты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.