Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Анын негизинде Исаев 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Атайын кызмат Исаевге козголгон кылмыш ишинде «жашыруун» деген гриф болгондуктан азырынча маалымат бере элек.
УКМК 2017-жылы Канат Исаев кармалганын кабарлаган. Ал «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камакка алынган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурду. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен экс-депутат Канат Исаев кармалып, бир айга камакка алынган.