Президент Садыр Жапаров 3-октябрдагы жарлыгы менен төрт министрди кызматтан бошотту.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан алынды.

Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган.

Мурдагы энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев кызматтан убактылуу чектелип, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.

Булак: Азаттык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.