Панфилов районунун электр тармактарына (РЭС) текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Панфилов РЭСинин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 749 сомдук материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иши козголду.
«Тергөөнүн жыйынтыгы менен келтирилген материалдык чыгымдын баары толук өндүрүлүп, кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
