Фестивалдын уюштуруучусу Дамира Алышпаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып дүйнө элдеринин эпос фестивалы брендге айланып калганын белгиледи.
Ошто өтө турган VII эл аралык эпос фестивалында болчу иш-чаралар. Тизме
Жүктөө
Анын айтымында, быйыл фестиваль илимий-практикалык симпозиум жана маданий багыт болуп эки компоненттен турат.
«VII эл аралык эпостор фестивалына 30дан ашуун өлкөдөн окумуштуу, изилдөөчү, айтуучу, уздар катышат. Фестивалда илимий-практикалык симпозиум болуп, анда илимий докладдар окулат. Ошондой эле иш-чарада «Маданияттагы ар түрдүүлүктүн парады» деп аталган экинчи компонент бар. Бул бөлүгүндө боз үйлөрдүн, айтуучулардын сынагы сыяктуу иш-чаралар пландалган. Айтуучулук сакталып калган улут катары Кыргызстан — эпостордун мекени деп айтылып келет. Ошондуктан бул багыттагы иш-чараларга басым жасалат. Мындан тышкары, дастанчылардын сынагы дагы кошулат», — деди Алышпаева.
Ал эми «Манас» театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эл аралык эпостор фестивалдын алкагында манасчылардын сынагы салттуу түрдө өтүп келгенин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.