Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары төрт кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, шектүүлөр 18-октябрда 15 жаштагы өспүрүм кызды ала качып бараткан жеринен кармалган.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен иш козголуп, тергөө башталган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык сотунда каралат.

Кыргызстанда кыз ала качуу — оор кылмыш болуп саналат. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өз алдынча иликтөөлөр жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде курулуп жатканын, кыз ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрыларын көрсөткөн.

Кыргызстанда буга чейин ала качуунун айынан кыздын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.