Саарлыкка тургула. Куттуу айда оозду атайылап бекитпей уктап калуу жакшы эмес. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл. Мусулманчылыкта ал убакта тамактанууда береке бар делет.
Башында кыйынчылыктар болот. Орозо башталганда алгачкы күндөрү адам бир аз кыйналышы ыктымал, убакыт өтүп организм акырындык менен көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адам курсагы ачып же суусап кетсе, атайылап тамак ичип албашы керек. Оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп орозосун улантса болот.
Антибиотик укол алса болот. Орозо туткан адам дары-дармек ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калганда адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.
Жаман адаттардан арылуу ай. Күндүз чылым, кальян, насвай чегүү орозону бузат жана аны колдонгондордун оозу ачылат. Орозо айы мындай жаман адаттардан арылууга жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ден соолукка зыян иштерден оолак болгонго аракет кылуу абзел.
Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелет. Ал эми денеден же ооздон кан, ириң чыкса ооз ачылбайт.
Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу. Орозо бир гана ашказандыкы эмес, тилдин, көздүн, кулактын да орозосу. Андыктан адам ушак сөздөн, башка бирөөлөр менен урушуп жаңжалдашуудан оолак болууга аракет кылуусу зарыл. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз айтуудан да алыс болушу шарт. Андан сырткары, көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Бул айда адам жакшы иштерди, адаттарды көп кылууга далалат кылганы жакшы.
