Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 31-октябрда бир жумалык каникулга тарайт. Биринчи окуу чейректин соңундагы эс алуу 6-ноябрга чейин созулат.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү эс алуу болгондуктан, мектептердеги окуу 9-ноябрдан башталат.

7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл менен белгиленип келет.

Кыргызстанда 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Булак: Азаттык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.