Нарын шаарына Ош облусунан 1,5 миң түп арчанын жана розанын көчөттөрү алып келинип, отургузула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун питомнигинен алынган арчанын 1,5 миң түбү бүгүн шаардын 64-аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузулууда.
Көчөттөрдүн демөөрчүлөрдүн каражатына алынганы айтылды.
«Жеринде 800 сомго бааланган көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсү менен 400 сомго бааланып алынып келинген», — деп билдирди кабарчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.