Кыргызстан эми Өзбекстанга картошка экспорттой баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков коңшу мамлекеттин ири импортерлору менен Нарын жана Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картошканы экспорттоо боюнча келишимге кол коюшкан.
«Товар алгач лабораторияда экспертизадан өтүп, биринчи партиясында 1000 тонна жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январынан августка чейин картошка 34,5 пайызга кымбаттаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.