Ата мекендик Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтүп жатканын «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каттамдар Airbus — 320 учактары менен аткарылмакчы. 5-декабрдан тарта Москва — Ош багыты боюнча шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү каттай баштады. Ал эми 9-декабрдан баштап Москвадан Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү учса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.