Москвада зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн кыргызстандык кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, киши колдуу болгон 50 жаштагы мекендеш Москвада такси кызматында иштеп жүргөн.
«Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, кармалган. Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя элчиликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.