Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбекти издеп жатканын билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында милицияга А. Н. аттуу жаран 1990-жылы туулган күйөөсү Шаршенбек уулу Улукбекти издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал жолдошу акыркы жолу 2-декабрда Бишкектин борборундагы мончолордун биринен байланышка чыккандыгын маалымдаган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына катталган.
Белгилери:
Бою 180-185 сантиметр, чымыр денелүү, кара, кыска чачтуу. Ал кара түстөгү куртка, кара жинсы шым, күрөң түстөгү водолазка, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Аталган жаран тууралуу маалыматы барлар 0 500 60-70-67 же 102 номерине байланышса болот.