Майлуу-Сууга Таш-Көмүр шаарындагы ӨКМден кошумча техника жөнөп кетти. Жеринде элге кезек-кезеги менен жылуулук жана таза суу берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
«Майлуу-Суу шаарында саат 05:00гө чейин кампага суу толтурулуп, андан Майлуу-Суу заводуна берилип, ишкананын насостору менен №1 отказанга суу жеткирилген. Натыйжада системалар жылытылып, кезек–кезеги менен жашоочуларга жылуулук бериле баштады. Жеринде иш алып баруу үчүн Таш-Көмүр шаарынан кошумча бир экскаватор жана бир тралл жөнөп кетти», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.