Футболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алынганын Биринчи май райондук соту кабарлады.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» боюнча айыпталып жатат. Футболчу №1 тергөө абагында.
Буга чейин «Мурас Юнайтед» клубу Бишкекке машыгууга келгенде чыр-чатак болуп, анда Украинадан легионер болуп келген Евгений Терзи жаракат алып, жаагы сынганы айтылган.
Окуядан кийин Кыргыз футбол союзу чырды баштады деген оюнчу Мирбек Ахматалиевди футбол ишмердүүлүгүнөн 5 жылга четтеткен.