Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети кыргызстандыктар үчүн 23 стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул стипендия 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча билим алчуларга каралган.
«Стипендиялык программага катышам деген талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы «КЭР өкмөтүнүн стипендиялары» программасына катталып, керектүү жерин толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 10-декабрь саат 23:59га чейин жүктөшү керек», — деп жазылат маалыматта.
Министрлик толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетиле турганын кошумчалаган. Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин 0312 625082, 621519 номерлери аркылуу алса болору айтылды.