Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Кыргызстанда эки эң ири долбоорду милдеттүү түрдө аягына чыгаруу зарылдыгын билдирди.
Анын бири — Камбар-Ата ГЭСинин курулушу.
Акылбек Жапаровдун айтымында, ГЭСтин курулушуна даярдык иштери эмки жылы аяктайт.
Экинчи ири долбоор — Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу.
«Кытай апрель айында бизге тийиштүү документтерди берет. Курулуш 3-5 миллиард долларга бааланууда. Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна дагы ушунча акча кетиши божомолдонууда», — деди ал.