Кыргызстандын волейбол боюнча эрекектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган (U-23) волейбол боюнча зоналык Азия чемпионатына катышып жатат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мелдеш Бангладештин Дакка шаарында кечээ, 19-декабрда, башталган, 28ине чейин созулат. Кыргызстандык волейболчулар бүгүн алгачкы этаптагы беттешке чыгат.
Курама команданын тизмеси:
1.Жантемир Жээнбек уулу;
2.Нурислам Медетбек уулу;
3.Нурадил Бердибеков;
4.Афтандил Амангелди уулу ;
5.Кадырбек Сатыев;
6.Касым Акматалиев;
7.Нурбек Кожомбердиев;
8.Жоогазын Равхат уулу;
9.Самат Кадырбек уулу;
10.Эрнис Токтосунов.
Спортчулар улук машыктыруучу Бакыт Алиев жана башкы машыктыруучу Нурбек Калыковдун жетекчилиги астында катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.