Кытай, Россия жана Казакстан Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Өткөн жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 11,8 миллиард долларды түзгөн. Анын 2 миллиард 186,7 миллиону экспортко туура келген (2021-жылга салыштырмалуу 565,5 миллионго аз).
Кыргызстандын эң ири 10 соода өнөктөшү:
1.Кытай — 4 миллиард 130,3 миллион доллар (экспорт 60,8 миллион);
2.Россия — 3 миллиард 234,6 миллион (963,6 миллион);
3.Казакстан — 1 миллиард 188 миллион (438,2 миллион);
4.Түркия — 628,9 миллион (140,6 миллион);
5.Өзбекстан — 599,3 миллион (236,6 миллион);
6.АКШ — 246,8 (4,8 миллион);
7.Германия — 180,4 миллион (15,8 миллион);
8.Корея Республикасы — 157,6 миллион (1,1 миллион);
9.Бириккен Араб Эмираттары — 125 738,7 миллион (101 миллион);
10.Индия— 117,9 миллион (10,5 миллион).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.