Кыргызстандын курама командасы киберспорттук DOTA 2 боюнча чемпионатка чыкканын Компьютердик спорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев билдирди.
Биринчилик Яссы (Румыния) шаарында 25-августтан 3-сентябрга чейин болот. Тажрыйбалуу оюнчулардан турган ата мекендик команда Индия, Австралиянын курама командаларын уткан. Беттеш Сауд Арабиясында өткөн.
Dota — компьютердик командалык-стратегиялык көп жайылган оюндардын бири. Оюнчулардын максаты — персонаждардын согуштук тажрыйбаларын колдонуп, душмандын чебин талкалоо. Defense Of The Ancients (Dota) «байыркыларды коргоо» деген маанини билдирет. Dota киберспорттун дисциплинасы болуп эсептелет.
