Министрлер кабинети 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин жарыялады.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги токтом долбоорун даярдады.
Эгер ал кабыл алынса кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 8 күн катары менен эс алат:
1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнгө өтөт;
Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы дем алыш 3-январга которулат;
4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот;
5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат;
6-январдын ордуна 25-март (ишемби) жумуш күн;
7-8-январь — ишемби жана жекшемби.Нооруз майрамына карата төрт күн эс алуу:18-19-март — ишемби жана жекшемби;
20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишемби) жылдырылат;
21-март — Нооруз майрамы.
Май айында эл 5 күн катары менен эс алышы мүмкүн.
Бул беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекеме жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү.