Эгемендүүлүк күнүндө жаңы Ак үйдүн салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти.Жаңы имарат «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулду. Азырынча мамлекет башчынын администрациясы менен министрлер кабинети качан көчөрү белгисиз.