Кыргызстанга космонавт-сыноочу Сергей Корсаков келди. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россотрудничествонун жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
Корсаков Бишкекте туулуп-өскөн. Учурда Россияда жашап, эмгектенет. Ал 2022-жылы космосто 195 саат жүргөн.
Мурдараак Космонавтика күнү менен Кыргызстандын борбор калаасынын 145 жылдыгына карата «Жылдыздарга жол Бишкектен башталат» аттуу фестиваль өтөрү айтылган, космонавт аталган иш-чарага катышмакчы.
Андан сырткары, Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда ал журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.