Кыргызстанда камсыздандырылган гана кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга койду.

Бийлик мындай жол менен кыргызстандыктарды үй-жайын камсыздандырууга жана бюджетти толтурууга үндөп жаткандыгын айткан.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, мүлктү милдеттүү камсыздандыруу төмөнкүлөргө да жардам берет:

өрт жана табигый кырсыктар учурунда келтирилген зыяндын ордун тез арада толтурууга;

өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга;

калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга.Кыргызстанда жыл сайын кыймылсыз мүлк боюнча 300 миңден ашуун келишим түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.