Витебскиде (Беларусь) өтө турган “Славян базары” конкурсуна мыкты таланттарды тандоо боюнча улуттук сынакка катышууну каалагандар жандуу үн менен аткарган чыгармасын 25-февралга чейин онлайн жөнөтүшү керек. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, XXI эл аралык “Витебск – 2023” балдар музыкалык сынагына улуттук тандоо турун өткөрүү укугун быйыл “Арт Булак” коомдук фонду алган. Фонддун директору – КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева.
Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанрындагы таланттуу жаш аткаруучуларды аныктайт, анын жеңүүчүсү 2023-жылдын 9-11-июлунда Витебск шаарында өтө турган сынакта Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Улуттук тандоо туруна катышуу шарттары:
– 8 жаштан 14 жашка чейин;
– эл аралык, республикалык же облустук сынактарда жана фестивалдарда өзүнүн ийгиликтерин көрсөтө алган, концертке жана фестивалдарга катышууга тажрыйбасы бар балдар;
– Кыргыз Республикасынын жараны;
– эки ыр аткарат: кыргыз тилиндеги эстрадалык ыр, сынактын катышуучусу тандаган, анын аткаруучулук чеберчилигин жана артисттик жөндөмүн айкын чагылдырган эстрадалык ыр.
Катышуу үчүн 25-февралга чейин алдын ала онлайн-тандоодон өтүү керек. Сынактын ырларын жандуу үн менен аткарган видеону +996 705445522 WhatsApp же Telegram номерине жөнөтсө болот.
Онлайн-тандоодон өткөндөр гана 2023-жылдын 4-мартына чейин улуттук тандоо турга катышуу үчүн билдирме беришет жана каттоо акысын төлөшөт.
Улуттук тандоо туру 2023-жылдын 12-мартында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залында өтөт.
Билдирме “Арт Булак” коомдук фондунун art_bulak@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек. Сынактын жобосу, билдирменин формасы жана сынак боюнча башка кошумча маалыматты 996 705 44 55 22 телефону аркылуу алса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.