Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Бул туурасында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулат. Ошол убакта электр энергиясы чектелип, кубаттуулугу беш киловатт-сааттан ашса өчүрүлөт.

Аталган убакыт эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мындай өчүрүүлөр Бишкектин Кызыл-Аскер, Батыш автобекети жакта башталып, тургундар «тамак жасай албай, кир жууй албай жатабыз» деп кайрылып жатканын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.