Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында кайсы өнөр жай долбоорлоруна катыша турганын Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Ия Малкина Sputnik маалымат борборунда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди.
«Казакстандын агроинновациялык корпорациясынын айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча өндүрүшүн кеңейтүү пландалып жатат. Мындан тышкары, аталган долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан, Россия жана Беларустун тартылары күтүлүүдө. Мында «Кировец» тракторунун жана жер семирткич чыгарган костанайлык компаниянын өндүрүшү кеңейтилет», — деди Малкина.
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив — Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издей турган порталдардын тизмеси
24 Үчтүн айы, 08:54
Кыргызстан
ЕЭАБ
Казакстан
өндүрүш
өнөр жай
айыл чарба
Министрлик: цефтриаксондон анафилактикалык шок болгондор арбып, бирөө көз жумду
17:18 03.02.2023 (Жаңыртылды: 17:19 03.02.2023)
Шприц. Архив — Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүү
Жазылуу
Новости
Telegram
Министрлик дарыга жагымсыз реакциянын бешөө үй шартында колдонгондо болгондугун айтышты.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери цефтриаксон препаратынан болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, анын кесепетинен бир адам көз жумган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Окуяларды иликтей келгенде дарылардын ар кыл өлкөлөрдөн — Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россиядан өндүрүлгөнү анык болгон.
Министрлик дарыга жагымсыз реакциянын бешөө үй шартында колдонгондо болгондугун билдирди. Бейтаптарга препаратты чакыртылган медайымдар, кошуналар кандын эч кандай анализи алынбай, медкызматкерлердин кароосу жок жасаганы анык болду. Адистер анафилактикалык шок болгон учурлардын арбышына антибактериалдык препараттардын көзөмөлсүз, туура эмес пайдалануу себепкер болуп жаткандыгын белгилешкен.
«Анафилактикалык шоктун тез тарашын, дарылардын таасирин, аллергиянын бар-жогун аныктоону тоготпоо фактыларын эске алганда, дарыларды саюу дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын процедуралык кабинеттеринде гана жасалышы керек. Өз алдыңарча дарыланбагыла!» , — деген эскертүү таратты министрлик.
Үйүнөн дарыланып жаткан бейтаптарга ийне саюу эмес, антибиотиктердин таблеткаларын ичүү сунушталды. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен препараттардын кыйыр таасири жаралса, аларга токтоосуз кабарлоону айтышты.
Ооруканада жаткан кыз — Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
