Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрь айында боло турган спектаклдеринин репертуарын жарыялады.Спектаклдердин баары 18:30да башталат.
Репертуары төмөндөгүдөй:
5-декабрь — КР эл артисти Советбек Жумадыловду эскерүү кечеси;
КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Жалил Садыковдун 90 жылдыгына карата «Жалил Садыков жумалыгы»:
6-декабрь — Жалил Садыков, «Манастын уулу Семетей», Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры коёт;
7-декабрь — Жалил Садыков, «Өлүп тирилгендер», Ош улуттук драма театры коёт;
8-декабрь — Жалил Садыков, «Төлгө», Кыргыз улуттук академиялык драма театры коёт;
11-декабрь — Саид Ахмад «Күйөө бала;
12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара, андан кийин «Кылым карытар бир күн» спектакли, саат 17:00дө башталат;
15-декабрь — Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург Шатман Садыбакасовдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси, андан соң «Ак боз ат» спектакли, саат 18:00дө башталат;
16-декабрь — Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, режиссёр, драматург Жалил Абдыкадыровдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси;
17-18-декабрь — Мукамбеткалый Касенов, «Алда жаш жубайлар, ай!» (премьера);22-30-декабрь — «Куурчактар кызыктар дүйнөсүндө» (Жаңы жылдык жомок), саат 9:00, 11:00, 13:00дө башталат.