Кыргызстандагы “Мбанк” жана «Керемет банк» баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Экономисттер кыргызстандык банктардын чечимин Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына илинип калуу коркунучу менен байланыштырууда.

Кыргызстандагы банктардын ичинен «Мбанк» биринчилерден болуп санкцияга кабылган «Сбербанк», «Тинькофф» жана «МТС» сыяктуу орус банктары менен акча которуу кызматын убактылуу токтотконун жарыялады.

“2024-жылдын 16-августунан тарта Орусиянын санкциядагы банктары, анын ичинде «Сбербанк», «Тинькофф» жана «МТС» аркылуу эки тарапка тең акча которуулар токтотулду. Бул кызмат белгисиз мөөнөткө жеткиликсиз. Акча жиберүүлөр санкцияга кирбеген башка банктардын рублдик реквизиттери аркылуу ишке ашырылат”, — деп айтылат банк тараткан маалыматта.

«Мбанктын» сайтындагы маалыматка караганда, азыр телефон номер аркылуу акча которуу эки жакка тең жеткиликтүү эмес. Аты аталган үч банк тең 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенден кийин АКШнын жана Батыштын санкцияларына илинген.

«Мбанк» акча которуу жаатында Орусиянын банктары менен кызматташып келген. Аталган банктын мобилдик капчык тиркемеси Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын акча которуусуна ыңгайлаштырылган болчу.

Москвада иштеген Сания иштеп тапкан акчасын бул жактагы туугандарынын картасына Мбанк аркылуу жөнөтүп келген. Мындан тышкары Орусияда туруп, Кыргызстандагы дүкөндөрдөн соода кылып, «Мбанк» картасы аркылуу төлөп турган. Соңку чектөөдөн улам ал мекенине түз акча которо албай калган:

“Золотая корона” иштеп атканына шүгүр. Эми ал аркылуу акчаны иниме жөнөтөм. Дүкөндөрдө карыздарым бар эле. Аларды эми иним төлөп турат. Маселени ушул боюнча калтырышпаса керек. Канча деген адам акча которуп жатат. Банктар деле пайызын алышат да. Алар да зыян тартып калат го. Кандайдыр бир чечүү жолун табышар деп ойлойм”, — деген үмүтүн айтты Сания.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.