Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Жыйындын башында уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов делегаттардын курамы менен тааныштырды.

Анын айтымында, жер-жерлерден 1 072 делегат шайланып келген. Курамында 12 улуттун өкүлдөрү бар, 924үн эркектер, 148ин аялдар түзөт.

Жаш курагы боюнча төмөнкүдөй:

18ден 30 жашка чейин — 23 делегат;

30дан 40 жашка чейин — 141;

40тан 50 жашка чейин — 197;

50дөн 60 жашка чейин — 268;

60тан 70 жашка чейин — 330;

70тен 80 жашка чейин — 97;

80 жаштан жогорку — 14.

Жыйынга төрага шайланганга чейин жаш курагы боюнча делегаттардын эң улуусу Кемелбек Ашыралиев жетекчилик кылды. Андан соң төрага болуп Кадыр Кошалиев шайланды.

Бишкек шаарынан — 60;

Ош шаарынан — 30;

Чүй облусунан — 218;

Ош облусунан — 179;

Талас облусунан — 76;

Нарын облусу — 128;

Ысык-Көл — 127;

Жалал-Абад облусу 147;

Баткен облусу — 71.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.