«Бишкек жашыл чарба» ишканасы декабрь айына жумушчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жумушка 18 жаштан жогору эркек кишилер кабыл алынат.

Айлык акысы күнүнө 1 000 сомдон экени айтылды. Жумуш дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 8:00дөн 13:00гө чейин уланат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 0500 700-441, 37-53-30 номери аркылуу кайрылууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.